Биз менен байланышыңыз

Кылмыш-жаза жана Жоруктар кодексине өзгөртүүлөр киргизилди

Кыска кабар | 17 Июн 2022 | 297 | 0

Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу » (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексине) мыйзамга кол койду.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан ушул жылдын 18-майында кабыл алынган.

Кабыл алынган мыйзам аткезчиликке, мыйзамсыз товар ташуу жана өткөрүү, белгиленген башка жерлерден тышкары товарларды жана транспорттук каражаттарды мыйзамсыз ташып келүүгө жана алып чыгууга каршы күрөштү күчөтөт. Ошондой эле жогоруда аталган мыйзамсыз аракеттерди жасагандыгы үчүн натыйжалуу, пропорционалдуу жана бөгөт коюучу жаза чараларын белгилөөгө багытталган.

Кылмыш-жаза кодексинде жогоруда аталган жолдор менен аткезчилик буюмдарды ташууда пайдаланылган транспорт каражаттары конфискацияланууга тийиш деген норма киргизилген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM