Биз менен байланышыңыз

Алымкадыр Бейшеналиевдин ишмердигин иликтеген комиссия ишин жыйынтыктады

Кыска кабар | 16 Июн 2022 | 1620 | 0

Президент Садыр Жапаровдун чечими менен түзүлгөн саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин ишмердигин ар тараптуу жана көз карандысыз иликтөө боюнча комиссия өз ишин жыйынтыктады. Бул тууралуу Президенттик администрациядан билдиришти.

Комиссиянын ишинин жүрүшүндө аныкталгандай, Башкы прокуратура саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге карата жети кылмыш ишин козгогон.

Айыптардын бирөө «коррупция», экөө «опузалап пара алуу», төртөө «кызмат абалынан кыянат пайдалануу», бирөө «атайылап пайдасыз келишим түзүү» боюнча коюлган.

Комиссия саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин COVID-19га каршы эмдөөлөрдү жайылтуу тууралуу улуттук планды ишке ашыруу боюнча, коронавирус инфекциясына каршы иммундаштырууну уюштуруу жана жүргүзүү, анын ичинде коронавируска каршы вакциналарды сатып алуу, 2021-жылы чет өлкөлөрдөн гуманитардык жардамдардын (вакциналардын) келиши боюнча ишин иликтеди. Мындан тышкары комиссия Саламаттыкты сактоо министрлигиндеги иш кагаздарынын жүргүзүлүшүн жана кадрлар боюнча иштерди караган.

«Конституциянын 57-беренесинин 1-бөлүгүнүн ченемине ылайык, ар бир адам анын күнөөсү мыйзамда каралган тартипте далилденмейинче жана мыйзамдуу күчүнѳ кирген соттун өкүмү менен аныкталмайынча, кылмыш жана/же жорук жасаганга күнөөлүү деп эсептелбестигин эске алуу зарыл», — деп айтылат билдирүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM