Биз менен байланышыңыз

«Диндерди өнүгүү тарыхы» сабагын бере турган мугалимдерге тандоо өткөрүлөт

Кыска кабар | 15 Июн 2022 | 164 | 0

Райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрү, жалпы билим берүү уюмдары 2022-2023-окуу жылында 9-класстын окуучулары үчүн «Диндерди өнүгүү тарыхы» сабагын бере турган мугалимдерди тандайт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Тандоодо райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрү арыз берген адамдардын документтерин кылдаттык менен карап чыгат. Арыз берген талапкерлерден төмөнкүлөр талап кылынат:

  • квалификациялык талаптарга жооп берген «Теология» багыты боюнча жогорку кесиптик билим деңгээлинин же «Тарых мугалими» квалификациясы бар жогорку педагогикалык билиминин болушу. Бул учурда дипломдун оригиналын берүү менен бакалавр, адис, магистр даражаларынан төмөн эмес деңгээлдер караларын эске алуу керек;
  • эмгек китепчеси;
  • мектептин директорунун атына мугалимдин арызынын болушу;
  • иштеген жеринен сунуштама кат;
  • 3×4 өлчөмүндөгү 2 даана сүрөт.

Кошумчалай кетсек, президент Садыр Жапаров ушул жылдын 8-июнда «Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарында «Диндердин өнүгүү тарыхы» предметин киргизүү жөнүндө» Жарлыкка кол койгон.

«Диндердин өнүгүү тарыхы» сабагы мектептерде кандай тартипте окутулат?

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM