Биз менен байланышыңыз

«Диндердин өнүгүү тарыхы» сабагы мектептерде кандай тартипте окутулат?

Коом , Саясат | 9 Июн 2022 | 2367 | 0

Президент Садыр Жапаров кечээ, 8-июнда «Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарында «Диндердин өнүгүү тарыхы» предметин киргизүү жөнүндө» жарлыкка кол койду. Ага ылайык, жаңы окуу жылынан тарта бардык мектептин 9-классына эки чейрек бою диндердин тарыхы окутулат. Мындагы максат диний көз караштан улам келип чыккан араздашууга бөгөт коюп, дин аралык мамилени бекемдөө экени айтылды. Бул сабак окуучуларга эмне берет? Кандай таризде окутулат? Буга ата-энелердин, коомчулуктун пикири кандай? Суроолорго алдыда жооп издейбиз. 

«Дин таануу» сабагын мектеп программасына киргизүү кадамы бир нече жыл мурун башталган. Коргоо кеңешинин концепциясына ылайык, 2016-жылы он мектепте «Дин маданиятынын тарыхы» пилоттук негизде окутула баштаган. 2018-жылы 56 мектепке киргизилген.

Бул сабак быйылкы жаңы окуу жылында 9-класстарга окутулат. Ал эми 7-8-класстын окуучулары үчүн «Диндердин өнүгүү тарыхы» окуу-методикалык комплекси иштелип чыгып, апробация жана экспертизадан өтүп, этап-этабы менен киргизиле баштайт. Бара-бара бардык мектептин 7-9-классына «дин таануу» предмети милдеттүү окутулууга өтөт.

Билим берүү жана илим министрлигинин мектеп, мектептен тышкары жана кошумча билим берүү башкармалыгынын башчысы Самаргүл Умралиева окуучуларга дүйнөдөгү бардык дин туурасында маалымат берилип, агымдар жана конфессиялар жөнүндө сөз болбой турганын айтты.

«Биздин өлкөдө ар кандай диндерди карманган 100дөн ашык этностун өкүлдөрү жашайт. Алар боюнча окуучуларга маалымат берүү, диний билим берүүнү кеңири калыптандыруу коомдук зарылчылык болуп жатат. Улуттар аралык мамилени бекемдөө мамлекетте чон роль ойногондуктан ушул сабакты киргизүү демилгеси көтөрүлгөн».

Диндердин тарыхын окуткан мугалимдердин диний секталарга жана агымдарга тиешеси жок болушу керек. Бул тууралуу Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын экспертиза жана диний уюмдар менен кызматташуу бөлүмүнүн башчысы Айбек Иминов билдирди.

Ошондой эле сабак бере турган мугалимден теологиялык жогорку билими жана педагогика, психология, окутуу методикасы жаатында квалификациясын жогорулатуудан же кайра даярдоодон өткөнү жөнүндө тастыктама талап кылынат. Ал эми кадрлар жетишпеген учурларда ушуга жакын предметтин мугалимдери сунушталат.

«Мамлекетте 2300гө жакын мектеп бар. Эгер кадр жетишпей турган болсо, анда тарых мугалимдери атайын квалификациясын жогорулатуу курсунан өткөндөн кийин гана ушул сабактарды берип турганга мүмкүнчүлүктөрү бар. Келечекте ар бир сабакка тиешелүү адистин, теолог-педагогдун гана сабак берип калышы каралууда».

Мугалимдердин кесипкөйлүгү Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жана Ички иштер министрлиги тарабынан текшерилгенден кийин окутууга уруксат берилет.

Алдыда жогорку окуу жайлардын базасында «дин таануу» адистигин ачып, студенттерди бюджеттик негизде окутуу да каралып жатат.

Аалымдар Кеңешинин мүчөсү, Кыргызстан Ислам университетинин ректорунун кеңешчиси Марс Ибраев мектептерде диндердин тарыхын окутуу зарыл деп эсептейт.

Ал көп ата-эне бул демилгени колдогонун, ошол эле учурда күмөн саноолор да бар экенин, бирок кооптоонуга эч негиз жоктугун белгилеп өттү.

«Бул сабакта эч кандай үгүт-насааттык нерселер жок. Кээ бирлер: «Ушул сабак намаз окуганга, кыздарды жоолук салынганга үгүттөйт», — деп чочулап жатышат. Жок, бул жерде андай маселе такыр болбойт. Биз балдарга маалымат гана беришибиз керек. Муну илимий негизде, база түрүндө берип койсок, бала өзү мектепти бүткөндөн кийин тандап, ошол ишенген динине кандай мамиле кылганды жана башка диндин өкүлдөрүнө сабырдуу мамиле кылганды үйрөнөт».

Мектептерде дин тарыхын окутууга ата-энелердин пикири кандай?

«Менде каршылык жок. Бардык динди билгени жакшы, бирок көбүнчө Ислам динин окутса жакшы болмок».

«Бул сабак керек, бирок баланын каалоосу менен болушу керек деп ойлойм. Мисалы, баланын өзүнөн, ата-энесинен уруксат алынышы шарт».

«Менин оюмча, бул сабак керек. Себеби, динди түшүнгөн бала эч качан мугалимдер менен айтышпайт, ата-энесин сыйлайт. Мисалы, биз балдарыбызды динге окутсак, алар түшүнбөй калышы мүмкүн, ал эми мугалимдер жеткиликтүү окутат деп ойлойм. Балдар улууну урматтап, кичүүнү ызааттап, акыл-эстүү болуп калат деген ойдомун».

Дин таанууну окутуу гуманитардык билим берүүнүн курамдык бөлүгү болуп, өсүп келе жаткан муунга жана жаштарга дин, анын тарыхы, адамзаттын жашоосундагы ролу, маданияты, руханий адеп-ахлак чөйрөсү жөнүндө объективдүү илимий багыт берилет.

Бул сабак жумасына бир сааттан өтүлөт, жалпы 34 саат бөлүнгөн.

Айта кетсек, буга чейин мектептерге киргизилген «Дин маданиятынын тарыхы» предметинин окуу китеби басып чыгарылып, бирок техникалык жана стилистикалык каталардан улам эки ирет бюджеттин эсебинен кайра оңдолгон. Теологдор жана педагогдор бир канча ирет текшерүүдөн өткөргөн.

Copyright © 2017 Maral FM