Биз менен байланышыңыз

Акыйкатчы: Марат Казакпаевдин өлүмү боюнча коомдук комиссия түзүлдү

Кыска кабар | 13 Июн 2022 | 310 | 0

УКМКнын тергөө абагынан ооруканага түшүп, каза болгон саясат талдоочу Марат Казакпаевдин өлүмү жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын куткаруу отрядында кызмат өтөп жатканда аёсуз сабалып, ооруканага түшкөн аскер Бекзат Эсенбековдун иши боюнча коомдук комиссия түзүлдү. Бул тууралуу акыйкатчы Атыр Абдрахматова «Маралга» билдирди.

Анын айтымында, коомдук комиссияга коомдук уюмдардын, Кыйноолорго каршы улуттук борбордун, Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлдөрү кирет. Бүгүн комиссиянын курамы такталса, эртең ишке киришип, бир айлык мөөнөттө болгон окуяларды иликтеп чыгышат.

«Канчалык деңгээлде кыйноого кабылган? Канчалык деңгээлде медициналык жардам алууга мүмкүнчүлүк болгон?» деген суроолорго жооп издешет. Ошондой эле «Эмне үчүн ошондой диагноз менен бөгөт чарасы өзгөртүлгөн эмес?» деген суроо турат. Жалпы жыйынтык чыккандан кийин Жогорку Кеңешке жана коомчулукка маалымат берилет. Анткени дале кыйноолордун болушу өлкөнүн аброюн көтөрбөйт», — деди ал.

Ошондой эле Атыр Абдрахматова Казакпаев боюнча ички иликтөө башталганын кошумчалады. Анткени саясат талдоочунун жубайы Анар Казакпаева акыйкатчынын бир жыл мурун аракет жасабай койгонуна нааразычылык билдирип, 7-июнда арыз жазып кайрылган.

9-июнда Марат Казакпаев оор абалда комага түшкөн. Саясат талдоочу 10-июнда Бишкек шаарындагы №1 клиникалык ооруканада каза тапты. Ага «геморрагиялык инсульт» деген диагноз коюлган. Анар Казакпаева жубайына медициналык жардам өз убагында берилбегенин айтууда.

Марат Казакпаев 2021-жылдын 14-апрелинде Кылмыш-жаза кодексинин 307-беренеси (мамлекетке чыккынчылык кылуу) менен кармалып, УКМКнын тергөө абагына камалган. 2022-жылдын 9-мартында сотко чейинки тергөө аяктап, ишти кароону Биринчи Май райондук сотуна өткөрүп беришкен. Башкы прокуратурадан билдиришкендей, Марат Казакпаевдин өлүмү боюнча тергөө иштери 10-июнда башталган.

Copyright © 2017 Maral FM