Биз менен байланышыңыз

Акыйкатчынын сунуштарын аткарган маморгандардын рейтинги жарыяланды

Кыска кабар | 10 Июн 2022 | 388 | 0

Акыйкатчы институту жылдык сунуштарды мамлекеттик органдардын аткарышы боюнча рейтинг жарыялады. Бул тууралуу аппарат башчы Аскат Азарбековдун баяндамасында айтылды.

Анын айтымында, акыйкатчынын сунуштарын эң төмөнкү деңгээлде Мамлекеттик курулуш 16,6% аткарган, андан бир аз жогорку орунда Билим берүү жана илим министрлиги 21,6% аткарган, ал эми эң жогорку деңгээлде Экология министрлиги менен Тышкы иштер министрлиги аткарган.

Сунуштамалардын аткарылбашынын негизи себеби Акыйкатчы институту толук көзөмөлгө алган эмес, ошол эле учурда мамлекеттик кызматкерлер адам укуктары боюнча сунуштарды билишпейт.

Мындан сырткары 2022-жылы гана адам укуктары боюнча тийиштүү план иштелип чыккан.

Copyright © 2017 Maral FM