Биз менен байланышыңыз

Мамкурулуш жыл башынан бери 262 лицензия берген

Кыска кабар | 9 Июн 2022 | 235 | 0

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги (Мамкурулуш) жыл башынан тарта мамлекеттин аймагында курулуш иштерин жүргүзүүгө 262 лицензия берген. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, юридикалык жактарга 260 жана 2 жеке ишкерге лицензия берилген. 183 уюм биринчи жолу лицензия алса, 79 уюм аткарылып жаткан иштердин жоопкерчилигинин деңгээлин жогорулатууга жана иштин кошумча түрлөрүн киргизүүгө байланыштуу лицензияларын кайра тариздешкен.

Бишкек шаарында — 137, Чүй облусунда — 18, Талас облусунда — 4, Ысык-Көл облусунда -14, Ош облусунда– 63, Баткен облусунда — 2, Жалал-Абад облусунда – 15 жана Нарын облусунда – 9 лицензия берилген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM