Биз менен байланышыңыз

Ош: Төлөйкөн айыл аймагындагы 32 мыйзамсыз курулуш сүрдүрүлөт

Кыска кабар | 9 Июн 2022 | 181 | 0

Ош шаарынын аймагына жакын жайгашкан, Кара-Суу районунун Төлөйкөн айыл өкмөтүнө караган А.Мамыров көчөсүндөгү 32 мыйзамсыз курулган соода күркөлөрү жана тейлөө жайлары сүрдүрүлөт. Мындай пикирди президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү жеринде текшерүү учурунда билдирди.

Облус башчысы Кара-Суу районундагы тиешелүү адистер менен биргеликте Мамыров көчөсүндөгү курулуштарды көрүп чыгып, мыйзамсыз иш алып барып жаткан күркөлөрдү сүрдүрүп, көчөнүн жээктеринде жашылдандыруу иштерин жүргүзүүнү тапшырды.

Белгилей кетсек, Мамыров көчөсүнүн Төлөйкөн айыл өкмөтүнө караган бөлүктөгү соода күркөлөрүндө курулуш жүргүзүүгө жана коммерциялык багытта пайдаланууга уруксат берилген эмес.

Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн маалыматына ылайык, убактылуу пайдаланып туруу үчүн уруксат кагаздар жашылдандыруу жумуштарын жүргүзүүгө берилген. Буга чейин аталган күркө ээлерине эскертүү кагаздары берилген, эми атайын комиссия түзүлүп, келишимди бир тараптуу токтотуу каралууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM