Биз менен байланышыңыз

Президент: Мен кландык башкарууга жол бербейм

Кыска кабар | 9 Июн 2022 | 443 | 0

Президент Садыр Жапаров мурдагы президент Курманбек Бакиевдин үйү майып балдарга, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйү карыялар үйү болоору боюнча кабыл алган чечимин түшүндүрдү.

«Өлкө боюнча карылар үйү да, майыптар үйү да жетишсиз. Ошондуктан ушундай чечим кабыл алынды. Атамбаевдин Кой-Таштагы үйү эмне үчүн карыларга берилгенинин себеби: карыларыбыз калган өмүрүн ошол жерде таза абада, таза суу ичип өткөрүшсүн деген ниет болду. Ата-энени, карыяларды сыйлабаган калк эч качан жакшылык көрбөйт. Ошол үчүн дайыма карыларыбызды сыйлай жүрөлү», — деп жооп берген президент Би-Би-Сиге.

Садыр Жапаровдун айтымында,Атамбаевдин үйү Жээнбеков маалында, ал эми Бакиевдин үйү Атамбаев маалында эле соттун чечимдери менен конфискация болгон. Андан бери эч кыймылсыз каралбай жаткан. Азыр ал үйлөр — мамлекеттики.

«Ал эми коркутуу аралаш кайрылуу жасаган Атамбаевдин тарапташтарына төмөнкүчө жооп берет элем. Мен корко турган адам эмесмин. Коркуу сезиминен эбак эле өтүп, керек болсо бир өлүп, кайра тирилип келген адаммын. Эгер мен Атамбаевге окшоп уурдап, президент боло калып, эки жыл өтпөй мультимиллиардер болуп калсам, коркутса болот эле. Менин корко турган эч бир терс ишим жок. Ошондуктан жөнү жок башаламандык кылам дегендерди башынан сылабайбыз. Жаза катуу болот. Кландашып кеткен жерим жок. Ким мамлекет үчүн иштебей жатса, кызматтан кетип атышат. Ким уурдап атса, камалып, уурдаганын жүз эсе кайтарып берип, бошонуп чыгып атышат. Мен кландык башкарууга, мамлекеттин мүлкүн талап-тоноого жол бербейм. Ага күчүм да, духум да жетет», — деген президент.

Copyright © 2017 Maral FM