Биз менен байланышыңыз

Шаирбек Ташиев Баткен согушунун ардагерлерине да көңүл бурууга чакырды

Кыска кабар | 9 Июн 2022 | 195 | 0

Депутат Шаирбек Ташиев 1999-2000-жылдардагы Баткен согушунун ардагерлерине көмөк көрсөтүү маселесин көтөрдү.

Ал террорчулардын кол салуусунан элди коргогондор 700-1000 сом гана жөлөк пул алышарын айтып, согуштан курман болгондордун үй-бүлөсүнө жана майып болуп калгандарга кошумча жардам көрсөтүү зарыл экенин белгиледи.

Ошондой эле тиешелүү мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизип, Баткен согушунун ардагерлерине Улуу Ата Мекендик согуштун жана Ооган согушунун ардагерлери сыяктуу эле макам берип, кенемтенин өлчөмүн көбөйтүүнү сунуштады.

Депутат Мейкинбек Абдалиев да ушул маселени көтөрүп, ардагерлер дарылынышы үчүн каражат табууда кыйналып жатканын айтты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM