Биз менен байланышыңыз

Ашимова таштанды полигону үчүн алынган насыяны иликтөөнү сунуштады

Кыска кабар | 9 Июн 2022 | 206 | 0

Бүгүн, 9-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Динара Ашимова Бишкек шаарындагы таштанды полигону тууралуу маселени көтөрдү.

«Бул маселе канча жылдан бери айтылып келе жатканына карабай, чечиле элек. Ал тургай, 22 млн евро насыя алынып, бирок аягына чыккан жок. Түтүнү токтобогон жай шаардын экологиясына коркунуч келтирүүдө. Андыктан бөлүнгөн каражаттын кандай пайдаланылганын иликтөө боюнча протоколдук тапшырма берүүбүз кажет», – деди.

Кыргызстанда жалпысынан 405 таштанды полигону бар.

Таштандыны рекультивациялоо долбооруна 2013-жылы кол коюлуп, 2015-жылы Жогорку Кеңеш ратификациялаган. Анын жалпы суммасы 22 миллион еврого бааланган. Каражаттын бир бөлүгүнө таштандыны кайра иштеп чыгуучу завод куруу пландаса, жарымы рекультивациялоого кетмек. Бирок бул иш азыркыга чейин аткарыла элек.

Бишкектин көйгөйү: Таштанды полигону качан иретке келтирилет?

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM