Биз менен байланышыңыз

Бишкектин көйгөйү: Таштанды полигону качан иретке келтирилет?

Коом | 1 Апр 2022 | 923 | 0

Бишкек шаардык санитардык полигону учурдун эң көйгөйлүү маселесине айланды. Шаар четиндеги таштанды талаа жыл сайын жаз келгенде өрттөнө баштайт. Анын жыты менен түтүнү шамал аркылуу бүт шаарга тарайт. Бул экологияны бузуп, калаа калкын ар кандай ооруга чалдыктырууда. Буга байланыштуу бүгүн 1-апрелде Жогорку Кеңештеги «Элдик» топтун депутаттары Бишкек санитардык полигонуна барып, маселени чечүү жолдорун талкуулашты.

Таштандыны рекультивациялоо долбооруна 2013-жылы кол коюлуп, 2015-жылы Жогорку Кеңеш ратификациялаган. Анын жалпы суммасы 22 миллион еврого бааланган. Каражаттын бир бөлүгүнө таштандыны кайра иштеп чыгуучу завод куруу пландаса, жарымы рекультивациялоого кетмек. Бирок бул иш азыркыга чейин аткарыла элек.

Таштанды полигонун рекультивациялоого бөлүнгөн 22 миллион евронун 11 миллиону калган. Анын 50 пайызы кредит болсо, 50 пайызы грант. Депутат Тазабек Икрамовдун пикиринде, инвесторлорго мүмкүнчүлүк берилбей жатат. Бул жерде башка кызыкчылыктар бар. Эл өкүлү бул маселе Жогорку Кеңеште караларын билдирди.

«Европа өнүктүрүү банкы Бишкектин санитардык полигонун оңдогонго 22 миллион евро бөлгөнүнө бир топ жыл болду. Бирок иш дагы эле бүтпөй, бул полигон абаны булгап келатат. Анын айынан адамдардын ден соолугу бузулуп жатканы айтылууда. Бул жай толук каралбай, учурда эң көйгөйлүү аймакка айланды. Маселени коомчулукта жана Жогорку Кеңеште талкууга алуу керек».

Гүлмира полигондо 10 жылдан бери иштейт. Ал таштандыны иргегени үчүн күнүнө 1000-1500 сомдун тегерегинде акы алат. Бул жерде жалпысынан 400гө жакын адам эмгектенет. Алар айласыздан иштеп жатышканын, кээде айлыктары убагында берилбей каларын айтышты. Буга байланыштуу мэрияга жана өлкө башчыга кайрылышкан, бирок майнап болгон эмес.

Гүлмира берген маалыматка таянып айтсак, полигонго күнүнө 200-300 чамалуу машина таштанды төгөт. Анын 15%ы гана иргелбесе, калганы басырылып кала берет.

«Үч баланын энесимин. Башка жумуш жогунан аргасыз келип иштеп жүрөм. Муктаждык эмнени гана кылдырбайт. Кээде иштеген акыбызды ала албай калабыз. Мэрияга кайрылалы дейбиз, бирок алар да улам-улам алмашып, кимге барууну билбейсиң. Жогорку тарап элдин ден соолугуна, жашоосуна көңүл буруп койсо деп жүрөбүз».

Статистикалык маалыматтарга ылайык, ар бир жаран жылына 200 килограммдан ашык таштанды ыргытат. Бул таштандынын жарымынан көбүн пластикалык каражаттар түзөт.

Бишкек шаарынын вице-мэри Жамалбек Ырсалиев полигондун зыяны баарына тийип жатканын айтты.

Вице-мэрдин маалыматы боюнча, бул жерге күнүнө бир жарым миң тонна таштанды кирет.

«Белгилей кетчү нерсе, биологиялык калдыктардын зыяны бүтүн шаарга тийип жатат. Автоунаа таштанды таштоочу жайды аралап өтүп, көп сандаган бактерияны кайра эле шаарга, ага жакын жайгашкан жаңы конуштарга алып келет. Шаарды өнүктүрүү үчүн, аны ыңгайлуу, коопсуз кыла турган жаңы жана кызыктуу долбоорлор керек. Таштанды сорттоочу заводду сөзсүз курушубуз керек. Бишкек санитардык полигону Бишкек шаарынын эле эмес, баарыбыздын баш оорубуз. Абдан зыяндуу болуп жатат. Бир күндө бир жарым миң тоннага жакын таштанды кирет. Буюрса, таштанды сорттоочу линияны быйыл күзгө чейин курабыз».

Таштанды полигонун жөнгө салуу долбоорун эстониялык компания тендерден 2017-жылы эки жылдык мөөнөткө утуп алып, Бишкек мэриясы менен келишим түзгөн. 2019-жылы келишимге өзгөртүүлөр киргизилип, 2020-жылы иштин 34%ы аткарылганда, пандемиядан улам уланбай токтоп калган. Андан соң келишим 2021-жылдын 1-июлуна чейин узартылган.

Келишимге ылайык, бул жай толук жабылып, жаңы полигон ачылышы керек. 21,3 гектар аянт 320 миң тонна таштандыга, колдонуу мөөнөтү 10 жылга эсептелген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM