Биз менен байланышыңыз

«Тазалыктын» маянасы: Бишкекте 100% көтөрүлүп, Ошто «ошол» бойдон калды

Коом | 8 Фев 2023 | 472 | 0

«Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлеринин айлык акысы 100 пайызга көбөйдү. Муну менен катар ишканын жаңы директору шаардагы таштанды чыгаруу маселеси, ошондой эле ишкана санитардык тазалоону кантип жүргүзүүнү пландап жатканы боюнча да маалымат берди. Ал эми шаардын тургундары таштандыга болгон баанын өсүшү жана кызматкерлердин айлык акысынын көбөйтүлүшү тууралуу пикирлерин айтышты.

Бишкекте «Тазалык» ишканасынын кызматкерлинин айлык акысынын көтөрүлүшү жана таштандыга болгон баанын жогорулашы боюнча шаар тургундарынын арасында сурамжылоо жүргүзүп, төмөндөгүдөй жоопторду уга алдык.

Бүт нерсе кымбаттап жатат. Алардын да эмгегин акташ керек. Баалардын көтөрүлүшү туура эле.

Тазалыктын кызматкерлеринин санын көбөйтүш керек. Шаарда басканга болбой калды. Айлананы бүт таштанды басып кетти. Эгер айлыктарды көтөрбөсө ишкана эч качан оңолбойт. Акча маселеси чечилмейинче эч нерсе оңолбойт.

Таштандыга болгон тарифтин баасын көтөрүү менен ошого жараша тазалыкты караш керек. Атайын таштандыны иштеп чыгарган заводдорду ишке киргизүү керек.

Таштандыга 41 сомдон төлөгөн туура эле. Себеби азыр кымбатчылык болуп жатат. Бардык нерсе кымбаттап жатат.

Бүгүн «Тазалык» муниципалдык ишканасынын директору Рамиз Алиев маалымат жыйын өткөрүп, турак жай-коммуналдык чарба кызматтарынын тарифинин көтөрүлүшү, таштанды чыгаруу маселеси жана шаарды тазалоо иштери тууралуу айтып берди. Ал ишкананын кызматкерлеринин эмгек акысы 100 пайызга көтөрүлгөнүн маалымдады.

Анын айтымында, мекеме санитардык тазалоонун бюджетин көбөйткөн. Буга байланыштуу 1 миң 554 кызматкердин 1 миң 100нүн январь айынан тарта айлык акысы көтөрүлдү. Айлык акы 22 миңден 35 миң сомго чейин болот.

«Тазалыкчылар январдын көбөйгөн айлыгын февралдын ортосунда ала алышат. Шаар 1200 технологиялык картага бөлүнгөн. Ар биринин өзүнүн баасы бар, короо шыпыргыч ошол тилкелерди тазалаганы үчүн айлык алат. Ар бирине үч картадан каралган, бирок кээ бир жерлер тазаланбай жатканы боюнча сын-пикирлер айтылды. Ар бир «тазалыкчы» бирден алгандай кылып, аталган картаны 750гө чейин кыскарттык. Ар бир жумушчу кеминде 22 000, ал эми жогору болгондо 35 миң сомго чейин алат».

Буга чейин Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары катуу тиричилик таштандыларын ташып чыгууга тарифти көтөрүү боюнча токтом долбоорун жактырышкан.

Мэрдин буйругуна ылайык, буга чейин тариф калк үчүн бир адамга айына 22,5 сом болсо, жаңы тариф менен 41 сомго көтөрүлдү. Ал эми пенсионерлер үчүн тариф 22,5 сомго көбөйдү.

Ишкананын жетекчиси жаңы тариф 1-февралдан тарта күчүнө киргенин белгилеп, таштандыга болгон баанын көбөйүшүнүн себебин төмөндөгүдөй түшүндүрдү.

«Мындан сырткары менчигинин түрүнө карабастан чарба жүргүзүүчү субъектилер үчүн 1 куб метрине 361 сом, же тоннасына 2430 сом (КНСсиз) болду. Буга чейин куб метри 225 сомду түзгөн. Ошондой эле катуу таштандыларды чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүлөр үчүн тоннасына 445 сом (КНСсиз). Тарифти көтөрүүгө аргасыз болуп жатабыз. Бензиндин баасы көтөрүлүп жатат. Ишкана ай сайын 200 тоннага жакын бензин коротот».

Бишкектеги «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлеринин айлык акысынан тышкары, тийиштүү техника да жетишсиз экени буга чейин айтылып келген. Эми ишкана 29 бирдик атайын техника сатып алат. Техника 16-февралда жана 20-мартта келиши күтүлүүдө.

Ишканын маалыматына караганда, техникалардын санын көбөйтүү кызматкерлердин ишин жеңилдетип жана Бишкектен күнүнө 500 тоннага жакын таштанды чыгарууга мүмкүндүк берет.

Мындан сырткары Алиев «тазалыкчыларды» жумуш учурунда автоунаа менен койдуруп кеткендерден сактоо аракетинде «Тазалыктын» дээрлик бардык кызматкерлери камсыздандырылганын, аларга ачык түстөгү күрмөлөрдү берүү пландалып жатканын айтты.

«Автоунаа койдуруп кеткен кызматчылар тууралуу айтсам. Бул өтө чоң көйгөй. Былтыр мындай үч кырсык болгон. Тилекке каршы, эки окуя адам өлүмү менен аяктады. Биз өңү бир топ ачык жумушчу күрмөлөргө өтүүгө ниеттенип жатабыз. Бул идеяны Жол кыймылы коопсуздугун камсыздаган башкы башкармалыктын кызматкерлеринен, алардын формасынан алдык. Мындан сырткары, жумушчулардын 98,3 пайызы өз ыктыяры менен камсыздандыруудан өттү».

Ал эми Ош шаарындагы «Тазалык» ишканасынын жетекчисинин орун басары Өмүрбек Каимовдун айтымында, эгер Ошто да таштандыга болгон тариф көтөрүлсө, анда кызматкерлердин эмгек акысы көбөйтүлөт.

Учурда тарифти көтөрүү боюнча долбоор мэриянын кароосунда турат.

«Биз таштандынын тарифин долбоордун негизинде жана бензиндин кымбатташына байланыштуу көтөрүү боюнча мэрияга сунуштаманы бергенбиз. Азыркы учурда бул сунуштаманы мэрия карап жатат. Ал эми кызматкерлердин айлыктары буга чейин 30 пайызга көтөрүлгөн. Эгер таштандыга болгон тариф көтөрүлсө, ошонун негизинде кызматкерлердин айлык акысын көтөрөбүз».

«Тазалык» ишканасы шаардык аймактарды санитардык тазалоо боюнча коммуналдык тейлөө, шаардын жолдорун, тышкы көрктөндүрүү  элементтерин кароо, жолбун жаныбарларды кармоо жана атуу, ошондой эле борбордогу калктын жана чарба жүргүзүүчү ишканалардын  каражаттарынын эсебинен катуу тиричилик калдыктарын чогултуу жана ташып чыгаруу иш аракетин жүргүзөт.

Ошондой эле мыйзамга ылайык, катуу тиричилик калдыктарын чогултуу жана ташып чыгаруу жана унаа каражаттарынын кызматтары кирген, жеке жана юридикалык жактарга келишимдин негизинде акылуу кызматтарды көрсөтөт.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM