Биз менен байланышыңыз

«Мекенчилдердин» үгүтчүлөрүнө каршылык көрсөткөн аялга тергөө иши башталды

Коом , Саясат | 18 Сен 2020 | 1496 | 0

Социалдык тармактарда тараган бул видео тасма Ош шаарында тартылган. Анда «Мекенчил» партиясы шайлоого карата үгүт-насаат иштерин кылып, шайлоочулар менен жолугушуу үчүн Манас-Ата кичи районундагы турак үйлөргө барган. Бирок өзүн «домкоммун» деп тааныштырган аял алардын үгүттөөсүнө тоскоолдук жаратып, ал кварталдын тургундары «Биримдик» партиясын шайлай турганын, алар үчүн өзү жооп берерин айтат.

Ош шаары, Салиева көчөсү 40

Опубликовано БеспределKG Четверг, 17 сентября 2020 г.

Бул иш аракеттер боюнча маселе партиянын кеңешинде караларын «Мекенчилдин» маалымат катчысы Нургазы Анаркулов «Марал» радиосуна билдирип, Борбордук шайлоо комиссиясына арыз менен кайрылышы мүмкүн экендигин айтты.

Биздин үгүттөөчүлөргө барган жерлерден ушундай кысымдар болуп жатканы — чындык. Буга окшогон дагы ондой видео бар, аларды чыгарса болот. Биз муну атайылап бийлик, же башка күчтөр кылып жатат дебейбиз, бирок кечээги домкомдун кылыктарына укук коргоо органдары тарабынан чара көрүлүшү керек. Бул үчүн башка партияларды күнөөлөбөйбүз, айрым адамдардын мындай кылык-жоруктарынын үстүнөн БШКга арыз жазабызбы же жокпу аны партиянын кеңешинде талкуулайбыз, — деп билдирди Анаркулов.

Деген менен эч кайсы тараптан арыз түшпөсө дагы, Ош шаардык ички иштер башкармалыгы бул фактыны Жазык кодексинин «майда бейбаштык» беренесине ылайык Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттап, тергөө иштерин баштаган.

Анда Ош шаарынын Салиева көчөсүнүн 40-үйүндө жашап, өзүн «турак үйдүн башчысымын» деп тааныштырган аялга карата тергөө башталганын Ош ШИИБнын маалымат катчысы Замир Сыдыков билдирди.

Кечээ күнү айрым интернет булактарында өзүн «турак үйдүн башчысымын» деп тааныштырып, үгүт-насаат иштерин жүргүзүп келген жарандарга тоскоолдук кылган аялдын видеосу Фейсбуктагы «БеспределKG» баракчасына жарыяланган. Ош шаардык ички иштер башкармалыгы бул видео боюнча реакция жасап, аны Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 119-беренеси менен каттоого алды, — деди Сыдыков.

Замир Сыдыков ошондой эле коомдук резонанс жараткан бул фактыны эч ким арыз жазбаса дагы каттоого ала турганын, ага карата мыйзамга ылайык айып пул салынарын кошумчалады.

Ушул эле партиянын үгүт иштерин жүргүзүүдө жергиликтүү бийлик тараптан кысымдар болуп жатканы ачыкка чыкты. Анда, 17-сентябрь күнү партиянын талапкерлери Исфана шаарына эл менен жолугушуу үчүн барган. Бирок жолугушуу белгиленген стадионго элдерди киргизбей, ал жердин электр жарыгын өчүрүп койгон.

"Мекенчилдер" Нарын шаарында жана Ат-Башы жергесинде!

Опубликовано Откурбеком Рахмановым Воскресенье, 6 сентября 2020 г.

Ал жердеги окуяга түздөн түз Исфана шаарынын мэри жана Лейлек районунун акими күнөөлүү экенин партиянын тарапташы, журналист Өткүрбек Рахманов «Марал» радиосуна билдирди.

Камчыбек Кыдыршаевич ал жерге барганда «ток жок» деп стадионго киргизбей койгон. Аны кийин сүрүштүргөндө, ошол Исфананын мэри менен Лейлек районунун акими тапшырма бергени белгилүү болду. Бирок ага карабай буудай талаасында эл менен жолугушуу болуп, ал жерден Ташиев президентке жана Боршайкомдун төрайымына ЖМКлар аркылуу расмий кайрылуу жасады, — дейт Рахманов.

Рахманов айткандай, Камчыбек Ташиев эл менен жолугушуу учурунда президентке жана БШКга кайрылып, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрүнө тез арада чара көрүүнү суранган.

Урматтуу президент, Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы, тез аранын ичинде Исфана шаарынын мэрине, Лейлек районунун акимине чараларды көрүңүздөр. Мамлекетибизде баарыбыз бирдей укукка ээ болгондон кийин, бардык партияларга бирдей шарт түзүлүшү керек. Менн азыр шаардын мэрин жана акимди расмий түрдө жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу жолугушууга чакырам. Ушул эки кызматкерге ушунчалык ачуум келди, эгер мени Жогорку Кеңешке өткөзүп койсоңор, экөөнү жаман кылам, — деп кайрылган Ташиев.

Ал эми Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Атыр Абдрахматова «домкомдун» үгүтчүлөргө тоскоолдук кылып жаткандыгы боюнча материалды Борбордук шайлоо комиссиясынын Ыкчам чара көрүүчү жумушчу тобуна жөнөткөнүн айтат. Ал топко Ички иштер министрлигинин жана прокуратуранын мүчөлөрү дагы кирет.

Абдрахматова «домкомдун» мындай кадамдары айып пул менен чектелерин, эгерде ал «Биримдик» партиясынын мүчөсү катары катталган болсо, партиянын дагы моралдык жоопкерчилиги караларын билдирди.

«Домком» боюнча маалыматты мен социалдык тармактардан көрүп, БШКнын алдындагы ыкчам чара көрүү жумушчу тобуна жөнөттүм, ал жактан ИИМге жөнөтүлүшү керек эле. Негизи мыйзамга ылайык, ким болбосун айырмасы жок: партиянын талапкерлери, өкүлдөрү, жөнөкөй жарандар укук коргоо органдарына жана БШКга кайрыла алышат. Ошондой эле Боршайкомдун сайтынан арыз жөнөтүүгө болот, — деди Абдрахматова.

Абдрахматова «Мекенчил» партиясына бут тосуулар болгонунан кабары жок экенин айтып, эгерде жергиликтүү бийлик кайсы бир партияларга тоскоолдук кылып, кээ бирлерине шарт түзүп берсе – ал административдик ресурс болуп саналат деп кошумчалады.

Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексинин» 87-беренесине ылайык, административдик ресурстарды колдонгон жетекчилер, мамлекеттик кызматкерлер мыйзам бузган деңгээлине жараша айып пулга жыгылып же ээлеген кызматынан бошотулат.

Жогорку Кеңештин 7-чакырылышынын депутаттарын шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага Борбордук шайлоо комиссиясынын каттоосунан 16 партия өтүп, 1912 талапкер ат салышууда.

Copyright © 2017 Maral FM