Биз менен байланышыңыз

Бишкек-Ош жолундагы көчкүдөн коргоочу галерея быйыл курулуп бүтөт

Кыска кабар | 9 Июн 2022 | 222 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек-Ош унаа жолундагы курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди.

Жапаров автожолду кар көчкүдөн коргоо долбоорунун курулушун көрдү. Кышкысын коопсуз өтүү үчүн галереянын узундугу 460 метрди, туурасы 7 метрди түзөт.  Жалпы курулуш иштеринин 85%ы бүткөрүлдү, ушул жылдын аягына чейин толук бүтүрүү пландалууда. Иш аяктагандан кийин бир жылдын ичинде тейлөөнүн кепилдик мөөнөтү ишке ашырылат.

Жапаров курулуш иштерин өз убагында сапаттуу бүтүрүүнү тапшырды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM