Биз менен байланышыңыз

Бонецкий лабораториясы жолдомо менен баргандарга 50% арзандатуу берүүдө

Кыска кабар | 24 мая 2024 | 395 | 0

Бонецкий лабораториясы келишимдин алкагында 50 пайыз арзандатуу менен текшерүү жүргүзүп жатканын кабарлады.

Быйыл 5-мартта Бонецкий лабораториясы Саламаттыкты сактоо министрлиги менен медициналык мекемелерден атайын жолдомо алган бардык бейтаптарга 50% арзандатуу берүү макулдашкан.

14-марттан 19-майга чейин лабораторияга атайын жолдомо менен 17 миң 463 бейтап кайрылган. Жолдомолор боюнча лабораториялык анализдердин баасы 36 млн 844 миң 450 сом болгон. Арзандатуудан кийин 19 млн 145 м иң 833 сомго жасалды.

Жарандар үчүн арзандатуулардын жалпы суммасы үч айдын ичинде 17 млн 698 миң 617 сомду түздү.

Лабораторияга кайрылган бардык бейтаптар лабораториялык маалымат системасында катталган. Анализдердин жыйынтыгын алар смартфон аркылуу алышат. Ошондой эле, изилдөөлөрдүн жыйынтыктары лабораториянын сайтында архивде сакталат. Дарыгерлер жана бейтаптар аларды каалаган убакта, бир нече жылдан кийин да көрө алышат.

Буга чейин Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы аталган лаборатория пандемия учурунда бааларды негизсиз жогорулатканы үчүн 423 млн сом айып салган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM