Биз менен байланышыңыз

Илим Карыпбеков Эверест чокусун багындырды

Кыска кабар | 24 мая 2024 | 530 | 0
Сүрөттө Илим Карыпбеков, Эдуард Кубатов, Кадыр Сайдилкан

Кыргызстандык алпинист Илим Карыпбеков дүйнөдөгү эң бийик чоку Эверестти багындырды. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасы аркылуу кабарлады.

“Бул менин жашоомдун эң чоң максат-кыялдарымдын бири эле эмес, өтө чоң жоопкерчилик эле. Чокуга жетпей кырсыктап калсам, балдарым, жакындарымдын алдында жоопкерчилик. Желекти чыгарам деп убада берип коюп, чыгара албай калсам эл алдында, демөөрчүлөр алдында, президент алдында жоопкерчилик.

Жоопкерчиликтүү даярданып, бирок аба ырайынын айынан, өмүр-жашоо сызыгына чейин келип, 8350-8400 метр бийиктикке чыгып, жете албай кайтып келдим. 4-5 күн даярданып, чоң сыноолордон өтүп, кайра аттанып, мунусунда жол ийгиликтүү болду. Бул текстти Эверест негизги жатагынан Катмандуга тик учак менен учуп баратып жазып жатам” , — деди ал.

Ал эми Эверест чокусун буга чейин багындырган белгилүү альпинист, Кыргызстандын Альпинизм федерациясынын жетекчиси Эдуард Кубатов эң татаал Лхоцзе тоосуна кычкылтек колдонбой чыкты. Ал апрель айынан июль айына чейин Лхоцзе, Макалу жана К2 чокуларына чыгууну пландап, кеткен. Чокуга көтөрүлүү кычкылтекти колдонбостон, “сплит” режиминде жүргүзүлөрүн айткан.

Кубатов жакында эле Манаслу чокусуна — 8163 метр бийиктикке кычкылтексиз чыккан эң жашы улуу эркек адам Гиннес рекорддор китебине кирди.

Ал Эверестти 2021-жылы 23-майда багындырган.

Кыргызстандык ишкер Кадыр Сайдилкан «7 континентте 7 чоку» доолборунун алкагында альпинист катары Эверест чокусуна чыккан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM