Биз менен байланышыңыз

Ош менен Стамбулдун мэрлери кызматташтыкты өнүктүрүүнү талкуулады

Кыска кабар | 9 Июн 2022 | 187 | 0

8-июнда Кыргызстандын Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов менен Түркиянын Стамбул шаарынын мэри Экрем Имамоглу эки шаардын кызматташтыгын өнүктүрүү маселелерин талкуулоо үчүн жолугушту.

Кыргызстандын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугунун демилгеси менен өткөрүлгөн кездешүүдө тараптар алаканын мындан аркы келечегин талкуулашты.

Ош шаарынын мэри Мамбетов Кыргызстан-Түркия кызматташтыгын өнүктүрүү жаатында жасалып жаткан акыркы чаралар тууралуу маалымат берип, 2022-жылы Ош менен Стамбулдун боордоштук келишимине кол койгонуна 25 толгонун эскертти. Буга байланыштуу ал алаканы дагы да чыңдоо максатында бир катар долбоорлорду биргеликте ишке ашырууга чакырды.

Стамбул шаарынын мэри Экрем Имамоглу сунушка макулдугун билгизип, Мамбетовдун алаканы арттыруу ниетин кубаттап, эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүү боюнча пландары менен бөлүштү.

Жолугушуунун жыйынтыгында Алмаз Мамбетов Экрем Имамоглуну Ош шаарына расмий сапар менен келип кетүүгө чакырды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM