Азыркы учурда жаандан кийин сел жүрүп, жолдорго таш кулап, Балыкчы-Жалал-Абад унаа жолунун 258-чакырымында (Тогуз-Торо району) унаалардын жүрүүсүнө чектөөлөр киргизилди. Жолдорду тазалоо иштери жүргүзүлүүдө.
Мындан тышкары, Ош облусунун Мырза-Аке-Кара-Шоро унаа жолунда чоң таш түшүп, жолду суу каптап, жүрүү кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилди.
Жеринде ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо жана тийиштүү кызматтар иш алып барууда.