Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда жайгашкан №18 Чымканаев атындагы орто мектебинин шыбы урагандан кийин ооруканага жаткырылган үч окуучусу үйүнө чыгарылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Ала-Бука жалпы дарыгердик практика борборунда С.А. аттуу мугалим гана дарылануусун улантууда.
Эскерте кетсек, 17-майда Чаткал районундагы Чымканаев атындагы №8 мектептин 3- «А» классынын шыбы урап, кырсык катталган жерге 3 куткаруучу тартылып, 18 окуучу менен 1 мугалим коопсуз жайга чыгарылып, Ала-Бука райондук ооруканасына жеткирилген эле.
Мугалим шып ураганга чейин окуучуларды класстан чыгарып кеткенге үлгүргөн, бирок мындай абалдан улам айрым окуучулар чочуп калышкан.