Биз менен байланышыңыз

Президент: Кара-Кечеде көмүр казуу 1,5 млн тоннага чейин көбөйтүлөт

Кыска кабар | 11 мая 2022 | 251 | 0

Быйыл Кара-Кечеде көмүр казып алууну 1,5 млн тоннага чейин көбөйтүү пландалууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров өзүнүн «Фейсбук» баракчасына жазды.

Президент билдирүүсүндө өлкө кыш мезгилинен кыйынчылыксыз чыкканын жазган.

«Динамика көрсөтүп тургандай, 2019-жылы Кара-Кече көмүр кенинен эң көп көлөмдө 554 миң тонна көмүр казып алыптырбыз. Ал эми 2021-жылы 1 миллион 225 миң тонна көмүр казып алууга жетиштик. Кудай буюрса, алдыдагы кыш мезгилине карата көмүр казууну 1 миллион 500 миң тоннага жеткиребиз деп пландап жатабыз. Бишкек ЖЭБине жылдагыга караганда 100 миң тонна көмүр аз жагылып, 100 миң тонна үнөмдөлдү десек болот. Себеби таза көмүр жактык. Өз убагында катуу көзөмөлдөп турсак эле баары орду-ордуна келет экен», — деди ал.

Эске салсак, президент Садыр Жапаров 7-майда Энергетика министрлигине караштуу «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын Нарын облусунун Жумгал районундагы Кара-Кечин кенинде көмүр казып жаткан Кара-Кече филиалынын иши менен таанышып, 50 HOWO жүк ташуучу унаа тапшырган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM