Биз менен байланышыңыз

Сузакта сел жүрүп, 23 үй жашоого жараксыз болуп калган

Кыска кабар | 11 мая 2022 | 233 | 0

Май айынын башында Сузак районунда сел жүрүп, 23 үй жашоого жараксыз болуп калган. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов билдирди.

Шамыркановдун айтымында, Барпы, Атабеков, жана Сузак айыл аймагындагы 907 турак үйдү суу каптаган. Анын ичинен 491 үйдүн ичине суу кирген. Түзүлгөн комиссия 10-майга карата 23 үйдү жашоого жараксыз деп тапкан. Аны менен катар дагы 20 үйдүн абалы кооптуу деп табылып, иликтөө жүрүп жатат. Алар боюнча да 15-20 күндүн ичинде чечим чыгарылат.

«Сузак районунун Атабеков, Барпы, Сузак айыл аймактарындагы жүргөн селден улам жалпы 907 турак үйдү суу каптап, 23 үй авариялык абалга келген жана 12 социалдык объектини сел алган. Мындан тышкары, 3 ички чарбалык көпүрө, 210 гектар айдоо жер, 16 миң метрден ашуу ички чарбалык жол жана 6300 метр арык бузулган», – деди ал.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM