Биз менен байланышыңыз

Баткенде ипподром салынып баштады

Кыска кабар | 10 мая 2022 | 246 | 0

Кадамжай районунун Халмион айыл өкмөтүндө ипподром салынат. Ага президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев капсула салды.

Абдикарим Алимбаев өз сөзүндө бул ипподром ынтымакты, биримдикти бекемдеген аянтча болоруна, анын арты менен улуттук ат оюндары боюнча кыргыздын намысын коргогон азаматтар тарбияланып чыгарына ишенимин билдирди.

Андан соң саамалыктын коноктору жана катышуучулары тарабынан да кошумча каалоо-тилектер айтылды.

Капсула салууга Жогорку Кеңештин депутаттары, Дене тарбия жана спорт департаментинен өкүлдөр, курулушка колдоо көрсөткөн тараптар да катышкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM