Биз менен байланышыңыз

Президент банк кызматкерлеринин күнү менен куттуктады

Кыска кабар | 10 мая 2022 | 241 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 10-майда банк кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу Президенттик администациядан билдиришти.

Мамлекет башчысы өз куттуктоосунда банк секторунун кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап, бекем ден соолук, ийгилик жана үй-бүлөлүк бакыт каалаган.

«Акыркы жылдары Кыргызстандын экономикасы COVID-19 пандемиясынын терс таасирине карабастан өнүгүүсүн улантуу менен, дүйнөдөгү геосаясий жагдайга байланыштуу жаңы тоскоолдуктарга да дуушар болууда. Глобалдуу саясий жана экономикалык туруксуздук шартында Кыргызстандын каржы-кредит уюмдарынын ишиндеги негизги көрсөткүчтөрдүн бекемдиги жана туруктуулугу жалпы банк секторунун туруктуулугун сактоого шарт түзөт. Бүгүнкү күндө ар бир жаран үчүн кадимки жана санарип каналдар боюнча финансылык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууда, экономика тармактарын жана калкты өз учурунда каржылоого жөндөмдүү, туруктуу жана ишенимдүү системаны түзүүдө, ички финансылык ресурстарды натыйжалуу мобилизациялоодо жана калктын муктаждыгына жараша банк кызматтарын сунуштоодо банк секторунун өзгөчө  ролун белгилеп кетүүгө болот» , — деп айтылат куттуктоодо.

Ошондой эле ал экономиканы колдоого жана калыбына келтирүүгө багытталган кризиске каршы чараларды ишке ашыруунун натыйжасында, кыска мөөнөттүү максат менен катар эле, узак мөөнөттүү экономикалык өсүшкө өбөлгө түзүүчү жигердүү иштерди жүргүзүү зарыл экендигин белгилеген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM