Биз менен байланышыңыз

Баткен: 600дөн ашык адам эвакуацияланды

Кыска кабар | 13 Апр 2022 | 196 | 0

Бүгүн, 13-апрель саат 9:00гө карата Баткенде жалпы 644 адам эвакуацияланып, 50 тургун үйүнө кайра кайтты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы кызматы билдирди.

Көчүрүлгөндөрдүн 53ү эркек, 246сы аял, 345и жаш бала. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги облус аймагына 1700 орундуу 13 убактылуу башпаанек даярдаган.

Лейлек районунун Достук, Арка, Борбордук, Жаштык, Максат айылдарынын эли Маргун жана Бешкент айылына көчүрүлдү.

Интернационал, Кулунду, Раззаков, Ак-Арык, Булак-Башы айылдарынын тургундары Исхак Раззаков шаарына, Эски-Оочу айылынын тургундары Лайли айылына жайгаштырылды.

Баткен районундагы Орто-Боздун эли Ак-Татыр айылына, Ак-Сай жана Самаркандектин эли Баткен шаарына жана Рават айылына эвакуацияланды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM