Биз менен байланышыңыз

Байсалов Орусиянын эл аралык уюмдарга катышуусун токтотуу аракетине каршы чыкты

Кыска кабар | 8 Апр 2022 | 905 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Швейцариянын Женева шаарында Бириккен Улуттар Уюмунун Европа экономикалык комиссиясынын аймактык форумунун жабылышында жыйынтыктоочу сөз сүйлөдү.

Анда Эдил Байсалов Орусиянын эл аралык уюмдарга катышуусун токтотуу аракетине каршы чыкты.

Өкмөттүн маалыматына караганда, Байсалов комиссияга мүчө 56 мамлекеттин делегациясын комиссиянын Чыгыш менен Батыштын ортосундагы кызматташтыктын көпүрөсү катары ишинин тарыхый мандатын сактап калууга чакырды.

«Төрага катары мен сиздерди Европа экономикалык комиссиясынын өзгөчө ролун жана мандатын сактап калууга чакыргым келет. Бардык трагедиялуу жагдайларга, тараптардын позицияларынын кагылышына жана эмоциялардын күчөшүнө карабастан, биз БУУ ЕЭКти диалог аянтчасы жана кызматташтык көпүрөсү катары сактап калышыбыз керек. Акыркы 75 жыл ичиндеги чыңалуу мезгилдеринде биздин өлкөлөр уюмдун өзгөчө мандатын жогору баалап келген. Комиссиянын негизги мүчөлөрүнүн биринин катышуусун чектөө баарыбызды чектейт», — деди Эдил Байсалов.

БУУ Европа экономикалык комиссиясы 1947-жылы 28-мартта БУУнун Экономикалык жана социалдык кеңеши тарабынан аймактын ичиндеги экономикалык ишмердикти өнүктүрүү жана экономикалык байланыштарды чыңдоо максатында түзүлгөн.

БУУ ЕЭК беш аймактык экономикалык комиссиянын бири болуп саналат жана башкы кеңсеси Женевада жайгашкан.

Уюмга 56 мамлекет: Европа өлкөлөрү, АКШ, Канада, Түркия Республикасы, Израиль мамлекети, Борбор Азия өлкөлөрү кирет. Кыргыз Республикасы 1993-жылдын 30-июлунда Комиссиянын толук кандуу мүчөсү болгон.

Copyright © 2017 Maral FM