Биз менен байланышыңыз

Май айында Бишкекте Евразия экономикалык форуму өтөт

Кыска кабар | 8 Апр 2022 | 319 | 0

26-27-майда Бишкекте Евразия экономикалык форуму өтөт. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиянын расмий сайтында маалымдалды.

Форум Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынынын алдында өтөт. Анын алкагында ЕАЭБдин мамлекет башчыларынын катышуусунда пленардык жыйын, ошондой эле алты панелдик сессия жана ЕАЭБдин агроөнөр жай товарларынын көргөзмөсү пландаштырылган.

8-апрелде Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошевдин жетекчилиги астында уюштуруу комитетинин отуруму өтөт. Анда форумдун концепциясын бекитүү пландаштырылууда.

Жогоруда айтылган форумдун алкагында Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 26-майда Кыргызстанга расмий сапар менен келери күтүлүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM