Биз менен байланышыңыз

Базар-Коргон: Үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу аракеттери көрүлүүдө

Кыска кабар | 8 Апр 2022 | 393 | 0

2022-жылдын 3 ай аралыгында Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда 17 үй-бүлөлүк зомбулук катталган. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат кызматы кабарлады.

Бул жаатта биргелешип иштөө чечими кабыл алынып, Базар-Коргондун акимиаты, милициясы, билим берүү бөлүмү, мектеп директорлору, социалдык педагогдор жана ата-энелер комитеттеринин төрагалары катышкан атайын жолугушуулар өтүп жатат.

Базар-Коргон шаарынын жана Арстанбап, Талды-Булак, Сейдикум айыл аймактарынын тургундары менен жолугушуу өткөрүлдү. Анда үй-бүлөлүк чатакты болтурбоо, суицид, эрте никеге туруу, өспүрүмдөрдүн кылмышка баруусуна жол бербөө боюнча түшүндүрүү жүргүзүлдү.

Ошондой эле ысырапкерчиликтин алдын алуу боюнча талкуулар орун алды. Жергиликтүү тургундарга кылмышка бөгөт коюуга кайдыгер карабай, терс көрүнүштөргө күбө болгон учурда милицияга билдирүү зарылдыгы айтылды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM