Быйыл январь-март айларында пенсия жана жөлөк пулга 13 млрд 575 млн 300 миң сом жумшалды. Бул тууралуу Социалдык фонддон кабарлашты.
Которулган акча төмөнкүдөй бөлүштүрүлгөн:
— Бишкек шаарына — 2 млрд 181 млн 200 миң сом;
— Чүй облусуна — 2 млрд 57 млн 400 миң сом;
— Нарын облусуна — 1 млрд 82 млн 700 миң сом;
— Ысык-Көл облусуна — 1 млрд 236 млн 700 миң сом;
— Талас облусуна — 565 млн сом;
— Ош шаарына — 484 млн 900 миң сом;
— Ош облусуна — 2 млрд 502 млн сом,
— Баткен облусуна — 1 млрд 118 млн 400 миң сом,
— Жалал-Абад обл. — 2 млрд 346 млн 900 миң сом.
Пенсия жана жөлөк пулдун каржылануусу 2022-жылдын март айында 4 млрд 534 млн 200 миң сомду түздү.