Биз менен байланышыңыз

Токтогул ГЭСинде суунун көлөмү 7,9 млрд куб метрди түздү

Кыска кабар | 8 Апр 2022 | 262 | 0

Бүгүн, 8-апрелде Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 7 млрд 917 млн куб метрди түздү. Бул тууралуу «Электр станциялары» ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

Суунун агып келиши секундасына 269 куб метрди түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 135 куб метрге жетүүдө.

2021-жылдын апрель айында Токтогулда суу кескин азайып, ГЭСтеги суу 8,5 млрд куб метрге чейин жеткен.

Суу сактагычтын максималдуу чеги 19,5 млрд куб метр. Мындай көлөмдөгү суу Токтогулга 2017-жылы толгон. Ал эми эң төмөнкү чеги 2008-2009-жылдары, кийин 2014-жылы 6,4 млрд куб метрге чейин жеткен.

Кыргыз бийлиги Токтогулдагы суунун деңгээлин критикалык чекке жеткирбей кармап турууга аракет көрүп келет. Бирок суунун көлөмү 5,5 млрд куб метрге түшүп кетсе, анда ГЭСтин агрегаттарын токтотууга аргасыз болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM