Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, 24-мартта түнкүсүн көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт.
Күндүз Талас, Ош, Жалал-Абад, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Баткен, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.
Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Аба температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 0…+5, күндүз +2…+7;
Талас облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз +1…+6;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0…+5, күндүз +4…+9;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз +1…+6;
Нарын облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз 0…+5;
Бишкек шаарында түнкүсүн кар жаайт, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 0…-2, күндүз +5…+7 градус болот.