Быйылкы Нооруз майрамы Баткен облусунда республикалык деңгээлде өтөт. Баткен шаарынын Борбордук стадионунда өтө турган салтанатка президент Садыр Жапаровдун да катышары күтүлүүдө.
Бүгүн, 20-мартта Баткен шаарындагы борбордук стадиондо боз үйлөр тигилип, ыр-күүлөр жаңырууда. Мындан сырткары Нооруз майрамынын урматына 1 тонна сүмөлөк салынып, кайнатылып жатат. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Нооруз майрамын өткөрүү үчүн 15-марттан баштап борбордон жана аймактардан эл артисттери, манасчылар, дастанчылар жана башка маданият өкүлдөрү келишкен.
Майрамдык иш-чараны өткөрүүгө Баткен облусунун өнүктүрүү фондунан 15 млн сом бөлүнгөн.