Биз менен байланышыңыз

Австралия Орусияга глинозем минералын, алюминий рудасын жана бокситти экспорттоого тыюу салды

Дүйнө , Кыска кабар | 20 Мар 2022 | 248 | 0

Австралиянын өкмөтү Орусияга глинозем минералын алюминий рудасын жана бокситти экспорттоого тыюу салды.  Бул тууралуу Австралиянын Тышкы иштер министрлигинин башчысы Марис Пэйн билдирди.

«Австралиянын өкмөтү Орусиянын эң маанилүү экспорттук продуктусу болгон алюминийди өндүрүүчү орусиялык ишканалардын мүмкүнчүлүктөрүн чектөө үчүн Орусияга глиноземди жана алюминий рудаларын, ошондой эле бокситтерди экспорттоого токтоосуз тыюу салууда», — деди Пэйн.

Министр өз билдирүүсүндө алюминий өндүрүү үчүн австралиялык чийки затты экспорттоого тыюу салуу Орусиянын автомобиль жана курал-жарак өнөр жайына, орус экономикасынын аэрокосмостук, машина куруу жана курулуш секторлоруна терс таасирин тийгизерин баса белгиледи. «Орусиянын глиноземге болгон муктаждыгынын дээрлик 20% Австралиядагы экспорт менен камсыз болуп келген», — деди Тышкы иштер министрлигинин башчысы.

Ошондой эле Австралиянын бийликтери тыюу салынган чийки заттарды жергиликтүү экспорттоочулар үчүн зыяндын ордун толтурууга жардам берүү үчүн жаңы рынокторду издей турганын белгиледи.

 

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM