Биз менен байланышыңыз

Бишкектин Сүйүмбаев көчөсүндөгү айрым тез тамактануучу жайлар жабылууда

Кыска кабар | 19 Мар 2022 | 542 | 0
Сүрөт: Кактус медиа

Бишкектин Сүйүмбаев көчөсүндөгү тез тамактануучу жайлар жабылууда. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Жерди көрктөндүрүү жана жер пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча муниципалдык инспекция борбор калаанын санитардык абалын, сырткы көрүнүшүн жакшыртуу иштерин улантууда.

Тагыраагы, шаардагы уруксатсыз салынган имараттардан, орнотулган ар кандай күркөлөрдөн бошотууда.

Мэриянын муниципалдык менчик башкармалыгынын ижара келишимдерин бузуу тууралуу катынын негизинде, инспекция «Тазалык» атайын бригадасы менен биргеликте Сүйүмбаев көчөсүндөгү (мурдагы Карпинка) тез тамактануучу жайларды бузуу иштерин баштады.

Кээ бир менчик ээлери объектилерди өз ыктыяры менен кайра оңдошот.

Copyright © 2017 Maral FM