Биз менен байланышыңыз

Жаңы түзүлгөн «Кыргыз Куршевель» ишканасы өзүн актайбы?

Экономика | 14 Июн 2024 | 359 | 0

Президенттин иш башкармасына караштуу «Кыргыз куршевель» мамлекеттик ишканасы түзүлөт. Максаты — кластердик ыкма менен туризм чөйрөсүндөгү инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн шарттарды түзүү, башкаруу түзүмүн өркүндөтүү жана финансылык каражаттарды натыйжалуу пайдалануу. Токтомго ылайык, Президенттин администрациясы «Кыргыз куршевель» мамлекеттик ишканасынын уставын иштеп чыгып, бекитет жана бул ишкананы юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өткөрөт. Аталган ишкананы түзүү канчалык керек? Өзүн актайбы? 

Апрель айынын аягында мамлекет башчы Борбор Азиядагы эң чоң лыжа базасы боло турган «Үч чоку» кластерин куруу боюнча презентацияга катышкан.

Долбоорго ылайык, жалпы узундугу 200 чакырымдык тоо лыжа-трассалары Ысык-Көл облусунун Жыргалаң, Ак-Булак жана Боз-Учук чокуларында түзүлөрү болжолдонууда. Курорт жыл бою иштеп, жылына 850 миңге чейин туристти кабыл ала алат.

Мамлекеттик ишканын курулушу боюнча коомдо ар кандай пикирлер айтылууда. Айрымдар буга чейин түзүлгөн мамлекеттик ишканалар өзүн актабаганын, ири көлөмдөгү чыгымдарга дуушар болгонун айтышып, каршы пикирлерин билдиришүүдө. Ал эми кээ бирлери өлкөнүн туризм тармагын өнүктүрүүгө мындай долбоорлор салым кошот деген пикирде.

Экономист Искендер Шаршеев ишкананы башкарууну эл аралык тажрыйбасы бар менеджерлерге тапшыруу керектигин сунуштайт.

Ал буга чейин түзүлгөн мамлекеттик ишканалардын ишин сынга алды.

«Мамлекеттик ишкана толугу менен мамлеткеттик болсо, анда тагдыры ар кандай болушу мүмкүн. Көп учурда таза мамлекеттик ишкана болсо, кичине кыйынчылыктар болот. Ошондуктан баштаганда эл аралык уюмдар, инвесторлор, эл аралык тажрыйбасы бар, ошол эле Куршавель менен иштешкен франциялык кандайыр бир менеджерлер катышса, анда жакшы, ийгиликтүү иштеп кетет. Анткени буга суроо-талап бар жана Кыргызстандын мүмкүнчүлүгү күчтүү. Кыргызстанда эркиндик рейтинги бар жана Кыргызстан чет элдиктерге кызыктыра алса жакшы жетишкендик. Бул үчүн эл аралык менеджмент керек. Таза мамлекеттик кылып салса болбойт. Сөзсүз жеке структура дагы кошулуш керек. Албетте, ушундай долбоорлордун өзгөчөлүктөрү бар. Ушундай катыштар болуп, эгер тажрыйбасы бар эл аралык жеке ишкерлер катышса, анда ийгиликтүү болот деп эсептейм».

Курортту Франциянын Société des Trois Vallées (S3V) компаниясы курат. Буга чейин кластерди куруунун биринчи этабында 60 чакырым лыжа трассасы жана алты асма жол курулары маалымдалган.

Бул иштер 2026-жылдын аягына чейин бүтүп, 165 млн евро инвестиция тартууну талап кылары кабарланган.

Туризм маселелери боюнча адис Максат Дамир уулунун пикиринде, Кыргызстанга мындай долбоорлор керек. Ал өлкөнүн тоо-лыжа тармагын өнүктүрүүдө мүмкүнчүлүк чоң экенин белгилейт.

Адис ишкананы толугу менен мамлекеттик башкарууга бербей, жеке жактар иштетсе, ийгиликтүү болот деген ойдо.

«Негизи тоо-лыжа базалары Кыргызстанга керек. Талаш маселе эмес, ал керек. Бирок канчалык түрдө мамлекеттик ишкана менен аны иштетиш керек – ал башка маселе. Эгер инвесторлорду, жеке ишкерлерди тартып иштете турган болсо, менимче жакшы болот. Көрөбүз да эми, балким болуп кетет.  Эми башка тоо-лыжа базалары боюнча айтсак, инфраструктураны оңдоого жеке ишкерлердин акчасы жетпей жатат. Инфраструктураны оңдоо боюнча эгер мамлекеттен кандайдыр-бир жардам көрсөтүлүп, жеңилдетилген акча каражаттары берилсе, жаңы шарттар түзүлүшү мүмкүн. Ал эми азыркы учурда жеңилдетилген акча каражатын бергенге мамлекетте деле анчалык каражат жок. Ошондуктан маселе бүгүнкү күнгө чейин калып кетип жатат. Тыштан келген түз инвесторлорго жакшыраак шарттарды түзүп бере турган болсо, салыктан бошотуп, мамлекет тараптан жардам көрсөтүп турган механимздерди ойлоп чыга турган болсо шарт түзүлөт. Азыркы көрүнүштө өнүгөт деген кыйыныраак. Бирок жаңы лыжа базалары салына турган болсо, келген конокторду жакшыл жайгаштырып, шарттар менен жасала турган болсо, анда ал жакшы көрүнүш. Бирок канчалык деңгээлде мамлекеттик ишкана аны иштете алат, ал башке маселе».

Буга чейин Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров «Кыргыз Куршевель» Борбор Азиядагы ири курорт болорун билдирген. Айтуусунда, туристтер өлкөнүн экономикасынын өсүшү үчүн маанилүү роль ойнойт.

Ошондой эле ал мамлекеттик ишкананын курулушу башталганын кошумчалады.

«Кыргыз Республикасы үчүн туристтер сектору өлкөнүн экономикасынын өсүшү үчүн маанилүү ролду ойнойт. Биз туризм өнөр жайы үчүн дагы инвестиция кылууну сунуштайбыз. Биз Кыргыз Куршевельдин курулушун баштадык. Эл аралык атактуу Куршевель курортунун эң биринчи операторлорунун бири болгон француз компаниясы Кыргызстандагы «Три вершины» аттуу тоо-лыжа класстерин ишке ашыруу менен алек. 200 км тоо-лыжа трассасы пландаштырылууда. Курорт жыл бою иштейт. 850 миң адамга чейин туристтерди кабыл ала алат. Бул Борбордук Азиядагы эң ири объект катары каралат. Мындан тышкары Бишкектин жанында жай-кыш бою иштей турган 20 км фуникулер менен курортту ишке киргизип, макулдаштык. Кышында Бишкек шаарынан 20 мүнөт алыстыкта лыжа тебүүгө уникалдуу мүмкүнчүлүк болот. Бардык техникалык каражаттар австриялык «Doppel Maier» компаниясы тарабынан курулуп берилет».

14-июнда «Кыргыз Куршевель» мамлекеттик ишканасынын директору болуп Жаркынбек Максүтов дайындалды. Тиешелүү маалымат Юстиция министрлигинин электрондук базасында камтылган.

Мамлекеттик ишкана 13-июнунда каттоодон өткөн. Негизги ишмердүүлүгү жарандык объектилерди куруу болуп саналат. Компаниянын негиздөөчүсү министрлер кабинети болгон.

Copyright © 2017 Maral FM