Биз менен байланышыңыз

Кемпир-Абад иши боюнча айыпталгандардын баары акталды

Кыска кабар | 14 Июн 2024 | 448 | 0

Бүгүн, 14-июнда Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып жаткан 20дан ашык киши Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда акыркы сөзүн сүйлөдү. Сот жабык өтүп, ага маалымат каражаттарынын өкүлдөрү киргизилген жок.

Айыпталуучуларга сот өкүмү угузулуп, алардын баары акталганын сот отурумунан чыккан айыпталуучулар билдирди. Кармалып тургандар сот залынан дароо бошотулары белгилүү болду.

Буга чейин прокурорлор соттон Кемпир-Абад иши боюнча айыпталгандарды ар бирин 20 жылдан абакка кесип, мүлкүн конфискация кылуу жазасын сураган.

Саясатчы, активист жана блогерлер 2022-жылдын 23-октябрында кармалган. Аларга Ички иштер министрлиги Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен айып таккан. Кемпир-Абадды коргоо боюнча комитет 22-октябрда түзүлгөн.

Copyright © 2017 Maral FM