Connect with us

Ири базарлардын соодагерлеринин нааразылык акциялары уланууда

Коом , Экономика | 13 Июн 2024 | 4534 | 0

Бүгүн Бишкектеги ири базарлардын соодагерлери кайрадан митингге чыгышты. Алар талап кылган маселелерге көңүл бурулбай жатканын айтышууда. Бул жолу митинг Максим Горький атындагы паркта өттү. Соодагерлер электрондук коштомо кагазды жана электрондук эсеп-фактура системасын жөнөкөйлөтүүнү талап кылууда. Нааразычылык акциясына чыккандар Салык кызматынын өкүлдөрү келип түшүндүрүү иштерин жүргүздү.

«Дордой Моторс», «Ош базар», «Азиз» жана «Баткен» базарларындагы  соодагерлер электрондук коштомо кагазды (ЭТТК) жана электрондук эсеп-фактураны (ЭЭФ) колдонууга каршы нааразылык акциясына бүгүн да чыгышты. Алар көзөмөл-кассалык машиналарды (ККМ) колдонууга каршы эмес экенин айтышып, убактылуу иштерин ташташканын билдиришти. Соодагерлердин жүйөсүндө, ЭТТК менен ЭЭФти ишке киргизүү кошумча түйшүк жаратып, эсепчи жалдоого мажбур болуп жатышат.

«Биздин базардагы шартка ККМ такыр туура келбейт, товарды кайра киргизип, чыгарыш керек экен. Биз жалгыз иштегендиктен андайга эч убактыбыз жок. Биз ОШ базарда иштейбиз, биринчи Дордой Моторско барып өттү эле, анын жыйынтыгы чыгып жатат. Ал жактагылар айтып жатышат болбойт экен деп. Мисалы мен 3 тонналык контейнердемин. Ал эми аппарат кышкы аба-ырайында эч кандай иштебейт. Базарда өзүбүз сатуучу, өзүбүз жүк ташуучу, эсепчи да өзүбүзбүз. Керек болсо товарларды дагы сыртка өзүбүз чыгарабыз. Ошондуктан бизде убакыт жок. ККМды басып кийин отчетту чыгарып, аны кайра киргизгенге убакыт жок. Салык төлөгөндөн эч качпайбыз, төлөп эле келе жатканбыз. Болгону бизди кагаз ишинен бошотушун суранып жатабыз. Анын үстүнө ага бухгалтер керек экен, аларга биз эч кандай шарт түзүп бере албайбыз. Айына 40-50 миң сурап жатышат. Өзүбүз айына 30-40 миңге иштесек, бала-чаканы ким багат».

Атын айтуудан карманган дагы бир соодагер ККМди колдонууда кыйналып жатышканын, ал эми ЭТТК жана ЭЭФ киргизүүдө кыйынчылыктар көп экенин айтты.

«Биз ККМге даяр эмес болгон үчүн мынтип чогулуп жатабыз. Андан тышкары бизге (ЭТТК) менен ЭЭФ абдан кыйынчылык жаратып жатат. Аны басыш үчүн өзүнчө бир бөлмө керек, биздин базар ага жооп бере албайт, товарларыбыз батпайт. Аны басыш үчүн бир бухгалтер керек дейт, бухгалтерлер 1000 доллардан кем эмес акчага иштейт экен. Биз акчаны аларга жеткире албайбыз. Андан көрө жабылып эле калганыбыз оң болуп жатат. Жеңилдетип беришсе же биротоло жок кылып коюшса жакшы болмок. ККМ кылып эле чек басып чыгарып берип турсак болмок. Ал эми биз товарга 1% же 0,1% гана кошуп сатабыз. Мисалы 1 кофта 150 сомго келсе аны базардагылар 300 сомго сатат. Бир консерва 45 сомдон келсе, биз аны 46 сомдон сатабыз, акталбай калат. Жүк ташуучуга төлөйм, салык төлөйм, ижара бар. Ошентип акталбай калып жатат. Же болбосо потентти 2 эсе кымбаттатып берсин, төлөйбүз. Мисалы Казакстан иштей албай коюптур, президент Садыр Жапаров «Бизде кандай болуп жатат?» десе «Сонун бизде баары кирди, жакшы» деп коюшуптур. Мына ошого эми биз чыгып жатабыз «Биздин көйгөйдү деле бир ооз айтсаңар болот эле да» деп. Бул система өтө кыйын экен, аймактан келгендерге биз жазып беришибиз керек. Аларга түз жазып бере албайбыз себеби, калкты тейлөө борбору деген бар экен. 4200 сом төлөп ачкыч сатып алдык, ансыз ача албайбыз. Ар бир товарды жөнөтүп жатканда айдоочунун машинасынын номерин жазып, ушул менен салып жибердик деп жазып беришибиз керек. Аны Сосновкадан кармап жатышыптыр, эгерде ал жок болсо 1000-2000 сом пара бергиле деп жатышыптыр. Негизи ушуну жеңилдетип берсе же жок кылып эле коюшса жакшы болмок. Андан көрө банк кылып койсо, биз төлөй бермекпиз. Супермаркет жана гипермаркеттерде бүт шарттары бар, территориясы кенен 4-5тен бухгалтер, 5-6 кассир бар, жүк ташуучулары бар».

Буга чейин да Бишкекте жайгашкан «Дордой Моторс» базарында соодагерлер нараазылык акциясына чыгышкан. Алар 1-июнда ишке аша турган жаңы салык сиситемасына өзгөртүү киргизүүнү суранып, президентке кайрылышты. Соодагерлер кассалык көзөмөл аппаратты колдонууга макул болуп, бирок электрондук коштомо кагазды (ЭТТК) жана электрондук эсеп-фактураны (ЭЭФ) ны колдонууга каршы пикрилерин билдиришкен.

Ал эми Салык кызматынын инспектору Кубаныч Салимбеков бул маселе боюнча 6 айдан бери Салык кызматкелери соодагерлер менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келгенин белгиледи.

Айтуусунда, бүгүнкү күндө ЭТТК жана ЭЭФти жеңилдетүү багытында иштер жүргүзүлүп жатат.

«Бардык митингге чыккандар базарда иштеген соодагерлер. Алар электрондук коштомо кагаздардын жана электрондук эсеп-фактурасын колонбло тууралуу митингге чыгышкан. Буга чейин Салык кызматы 6 айдан бери соодагерлер менен түшүндүрүү иштери жүргөн. Бирок кандайдыр бир техникалык кыйынчылыктар болгондугуна байланыштуу ушундай талап коюп жатышат. Иштете албайт экенбиз, үйрөнгөнгө кыйын болуп жатат деп. Азыр биз тараптан электрондук коштомо кагаздарын, эсеп фактуралары боюнча башкармалыкта жеңилдетүү жумуштары жүрүп жатат. Буга чейин деле өкмөттүн токтому менен жеңилдетүү процесстери кабыл алынган болчу. Бирок азыр дагы соодагерлердин сунуштары боюнча жеңилдеткенге аракет кылабыз».

Белгилей кетсек, ушул жылдын 1-июлунан тарта бардык базарлар жаңы салык системасы менен иштеп, патент жоюлат. Бул 2024-жылдын башында ишке ашмак, бирок 2023-жылдын декабрында өлкөдөгү бардык базарларда иш таштоо болуп, нааразычылык жаралган. Андан кийин президент жаңы салык режимин киргизүүнү алты айга артка жылдырган.

Copyright © 2017 Maral FM