Биз менен байланышыңыз

Он бир журналисттин иши боюнча соттук отурум өтүүдө

Кыска кабар | 14 Июн 2024 | 232 | 0

Бүгүн, 14-июнда Бишкектин Ленин райондук сотунда Temirov Live менен “Айт, айт десе” долбоорунун мурдагы жана азыркы кызматкерлеринин иши каралууда.

Учурда он бир журналисттин төртөө камакта. Алар Temirov Live жана “Айт, айт десе” долбоорунун жетекчиси Махабат Тажибек кызы, акын Азамат Ишенбеков, “Алга Медианы” иштетип жаткан Актилек Капаров жана Temirov Live редакциясынын кызматкери, журналист Айке Бейшекеева. Калгандары үй камагына чыккан.

Быйыл 16-январда жогоруда айтылган журналисттердин үйлөрүндө тинтүү жүрүп, суракка алынган. Аларга Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгү (мамлекеттик кызматкерлердин мыйзамдуу талаптарына активдүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыкка, ошондой эле жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар) менен айып тагылган.

Copyright © 2017 Maral FM