Биз менен байланышыңыз

«Кыргыз куршевель» ишканасынын директору дайындалды

Кыска кабар | 14 Июн 2024 | 427 | 0

14-июнда “Кыргыз куршевель” мамлекеттик ишканасынын директору болуп Жаркынбек Максүтов дайындалды. Тиешелүү маалымат Юстиция министрлигинин электрондук базасына жарыяланды.

Жаркынбек Максүтов буга чейин президенттин администрациясында уюштуруу иштери жана аймактар ​​менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысынын орун басары болуп иштеген. Мындан тышкары, президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары, Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун жетекчисинин орун басары кызматтарын аркалаган.

13-июнда Президенттин иш башкармасына караштуу “Кыргыз куршевель” мамлекеттик ишканасы түзүлгөн.

Максаты — кластердик ыкма менен туризм чөйрөсүндөгү инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн шарттарды түзүү, башкаруу түзүмүн өркүндөтүү жана финансылык каражаттарды натыйжалуу пайдалануу.

Апрель айынын аягында мамлекет башчы Борбор Азиядагы эң чоң лыжа базасы боло турган “Үч чоку” кластерин куруу боюнча презентацияга катышкан. Долбоорго ылайык, жалпы узундугу 200 чакырымдык тоо лыжа-трассалары Ысык-Көл облусунун Жыргалаң, Ак-Булак жана Боз-Учук чокуларында түзүлөрү болжолдонууда. Курорт жыл бою иштеп, жылына 850 миңге чейин туристти кабыл ала алат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM