Биз менен байланышыңыз

Шакиев: Мугалимдердин айлыгы депутат, министрлердикинен кем болбошу керек

Кыска кабар | 14 Июн 2024 | 249 | 0

Бүгүн, 14-июнда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Ала-Бука районундагы иш сапарынын алкагында Ажек айылындагы жаңы мектептин ачылышына катышты.

Анда ал мугалимдердин айлык маянасы жогорулатылып, керектүү колдоолор көрсөтүлүп жатканын белгилеп, агартуучулардын маянасы депутаттар менен министрлердикинен кем болбошу керектигин айтты.

Жаңы мектепке жардам катары 300 миң сомдук сертификатты тапшырды.

Маалыматка караганда, 225 орундуу мектептин курулушуна жалпы 67 млн сомдон ашуун каражат сарпталган.

Бүгүн Нурланбек Шакиев жана депутат Азизбек Турсунбаев, Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Бекназар Базаралиев, финансы министринин орун басары Эрнст Калдыбаев баштаган жетекчилер Жалал-Абад облусунда иш сапары менен жүрөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM