Биз менен байланышыңыз

Amnesty International укук коргоо уюму «кемпир-абадчыларды» бошотууга чакырды

Кыска кабар | 14 Июн 2024 | 239 | 0

Эл аралык Amnesty International укук коргоо уюму кыргыз бийлигин “Кемпир-Абад иши” деп аталган кылмыш иши боюнча айыпталуучуларды бошотууга чакырды.

Уюм айыпталгандар адам укуктарын тынчтык жолу менен талап кылганы үчүн куугунтукка алынганын белгилейт.

«Аларга карата козголгон иш дагы карама-каршылыктар жана процессуалдык мыйзам бузуулар менен коштолду. Бул соттун адилеттүү өтүшүнө олуттуу шектенүүлөрдү жаратат” , — деди Amnesty International укук коргоо уюмунун Чыгыш Европа жана Борбор Азия боюнча директору Мари Стразерс.

Бүгүн, 14-июнда Бишкектин Биринчи Май райондук соту Кемпирабад окуясы боюнча камалган активисттер менен саясатчыларга карата өкүм жарыялашы күтүлүүдө. Буга чейин мамлекеттик айыптоочу ар бир соттолуучуну үй-мүлкүн конфискациялоо менен 20 жылдан эркинен ажыратууну суранган.

Copyright © 2017 Maral FM