Биз менен байланышыңыз

Улуттук банк доллар сатты. Сомдун курсу бираз арзандады

Кыска кабар | 14 Июн 2024 | 388 | 0

Кыргызстандын Улуттук банкы валюта базарына 6 млн 650 миң АКШ долларын сатты. Бул тууралуу банктын сайтындагы маалыматта айтылат.

Бүгүн, 14-июнга карата доллардын, евронун, орус рублинин жана теңгенин сомго карата расмий курсу жогорулады.

Бишкектеги акча алмаштыруучу жайларда доллар орто эсеп менен 87,15 сомдон сатып алынып, 88 сомдон сатылууда.

Улуттук банктын расмий курсу 87,1182 сомду түздү (өсүү 0,2 пайыз).

Евро бир аз кымбаттады. Бүгүн 94,11 сомдон сатылып алынып, 95,11 сомдон сатылууда. Расмий курс 94,1443 сомду түздү (өсүү 0,76 пайыз).

Орус рубли да өстү. Борбор калаада бир рубль 0,927 сомдон сатып алынып, 0,993 сомдон сатылууда.

Расмий курс 0,978 сомду түздү (өсүү 0,26 пайыз).

Казак теңгесинин курсу да сутка ичинде төмөндөдү. Бир тенге 0,1336 сомдон сатылып алынып, 0,2039 сомдон сатылууда.

Расмий курс – 0,1929 сом (0,26 пайызга өсүү).

Copyright © 2017 Maral FM