Биз менен байланышыңыз

Байсалов Дүйнөлүк банктын өкүлү менен саламаттыкты сактоо маселелерин талкуулады

Кыска кабар | 18 Мар 2022 | 244 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы кеңсесинин башчысы Навид Накви менен жолугушту.

Тараптар саламаттыкты сактоо тармагындагы кызматташтык маселелерин талкуулады.

Эдил Байсалов Дүйнөлүк банкка COVID-19 пандемиясы учурунда көрсөткөн колдоосу үчүн ыразычылык билдирди. Ал кызматташуу жана долбоорлорду ишке ашырууга даяр экендигин белгиледи.

Дүйнөлүк банктын кеңсесинин башчысы Навид Накви артыкчылыктуу чөйрөлөрдө кызматташууну улантууну колдой тургандыгын айтты.

Тараптар мындан тышкары, милдеттүү медициналык камсыздандыруу тутумун чыңдоо, медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу, калкты медициналык тейлөө менен камтууну кеңейтүү, дары-дармектердин баасын, эмдөөлөрдүн темпин жөнгө салуу маселелерин талкуулашты.

Алдыда Кыргызстандын делегациясы Дүйнөлүк банктын жазгы кеңешмелерине катышуу даярдык көрөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM