15-мартта Кыргызстанга мыйзамсыз кирген Казакстандын 1969-жылы туулган З.Ф. аттуу жараны кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Ал 2019-жылы Казакстандагы компанияларга ири суммада акча карыз болуп калгандыктан, Кыргызстанга качып келген. Бирок З.Ф.нын Кыргызстанга качан келгени тууралуу маалымат жок.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренесинин 1-бөлүмү (Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү) менен кылмыш иши козголду.
Учурда тергөө жүрүп жатат.