Биз менен байланышыңыз

Ысык-Көлдө интернеттин ылдамдыгы жакшырат

Кыска кабар | 18 Мар 2022 | 390 | 0

Бүгүн, 17-мартта президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Сулайманов «Кыргызтелеком» ишканасынын облустук филиалынын директору Азамат Качиевди жана MegaCom компаниясынын облустагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Назарбек Жолдошбековду кабыл алды.

Сулайманов жайкы туристтик мезгил башталганга чейин Ысык-Көл облусунда интернет ылдамдыгын жакшыртуу талабын койду.

Ошондой эле ал облустун бардык аймактарында 4G түйүндөрү тартып, жогорку ылдамдыктагы интернет байланышы ар бир жашоочуга жеткиликтүү болушу керектигин белгиледи.

Мындан тышкары ал туристтик мезгил башталганга чейин зарыл болгон бардык чараларды көрүү тапшырмасын берди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM