Биз менен байланышыңыз

Унаалардын каптал айнектерин караңгылатууга депутаттар макулдук беришти

Кыска кабар | 18 Мар 2022 | 499 | 0

17-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндөгү» мыйзамга, Укук бузуулар жөнүндө кодексине, Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамдын долбоору үчүнчү окууда кабыл алынды.

Мыйзамда белгиленгендей, унаалардын алдыңкы айнектерин караңгылатууга уруксат алуу Carcheck элекрондук тиркемесине тиешелүү сумманы которуу аркылуу ишке ашат. Тагыраагы, айдоочулар унаасынын айнегин караңгылатканы үчүн акча төлөйт.

Бул мыйзамдын кабыл алынышы менен жыл сайын 20 миң унаанын айнеги караңгылатары болжолдонуп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM