Тынымсыз жааган жамгырдан улам Оштун бир катар райондорунда таза суу берүү токтотулду. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Ак-Буура дарыясында ылай агып калганына байланыштуу ушундай чара кабыл алынды.
Ош шаарынын Юго-Восток, ХБК, Туран кичи райондорунан жана Достук, Калинин турак жай конуштарынан башка аймактарына таза суу берүү саат 07:05те токтотулган.
Мэрия суу өчө элек аймактарда таза суу камдап алууну өтүнөт.
Таза суу жеткирип берүү үчүн 105, 8-11-15, 8-11-51 жана 0553 200-105 номерлерине кайрылсаңыздар болот.