Бул кызматты ага чейин Абдраева Айгүл Төлөкөвна аркалап келген.
Мамбетакунов Уланбек Эсенбекович 1974-жылы Бишкек шаарында туулган. 1996-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин физика-техника факультетин аяктаган. Педагогика илимдеринин доктору, профессор.
Эмгек жолу:
1993-1994-жылдары — Бишкек шаарындагы №28 орто мектебинде физика мугалими;
1995-2002-жылдары — Бишкек шаарындагы №47 орто мектебинде физика, астрономия, информатика мугалими;
2000-2002-жылдары — Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Максаттуу даярдоо институтунун компьютердик технологиялар кафедрасында окутуучу;
2002-2005-жылдары — жогорудагы кафедранын башчысы;
2005-2007-жылдары — ушул институттун директору;
2003-2005-жылдары — Кыргыз-түрк кыздар кесиптик лицейинде информатика мугалими;
2004-2009-жылдары — Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын табигый илимдер жана маалыматтык укук кафедрасынын доценти;
2007-2008-жылдары — Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Маалымат жана байланыш институтунда доцент;
2008-2012-жылдары — Кыргыз билим берүү академиясында улук илимий кызматкер;
2008-2009-жылдары — Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Евразия инновациялык технологиялар институтунда менеджер;
2008-2010-жылдары — ушул эле институтта доцент;
2010-2011-жылдары — Бишкек финансы-экономикалык академиясынын маалыматтык технологиялар борборунун директору;
2010-2017-жылдары — Адам университетинин башталгыч билимдер департаментинин жетекчиси;
2013-2014-жылдары — Плато эл аралык университетинин профессору;
2013-2016-жылдары — Евразия университетинин профессору;
2017-2019-жылдары — Адам университетинин профессору;
2019-2022-жылдары — Кыргыз билим берүү академиясынын вице-президенти.