Биз менен байланышыңыз

Төрөбаев Аксы окуясынын каармандарына «баатыр» наамын берүүнү сунуштады

Кыска кабар | 17 Мар 2022 | 277 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Төрөбаев Аксы окуясынын каармандарына «баатыр» наамын берүүнү сунуштады.

Анын айтымында, эркиндик, адилеттик үчүн күрөшкөн баатырларга наам берүү маселесин 2014-жылы да көтөргөн.

«Аксы окуясы эскерилип жатканы жакшы жышаан. Бирок Апрель окуясына баа берилгендей, Аксы окуясына да баа берилиши керек. Ошондуктан Аксы окуясында курман болгондорго жана жабыркагандарга «баатыр» наамын берүүнү сунуштайм. Алар: Анаралы Назарбеков, Ыктыяр Адылбеков, Сумсарбек Ажыкулов, Асан Анаркулов, Санжар Апсаматов, Актанбек Арстанкулов, Гүлбара Ашырова, Шукурулло Байматов, Уланбек Атабеков, Санжарбек Кутманов, Максатбек Момуналиев, Бектемир Жуманалиев, Жеңишбек Маманов, Күмүшай Мырзагулова, Бүбүкан Асангулова жана башкалар», —  деди Төрөбаев.

Ошондой эле ал президенттин парламенттеги өкүлү Алмаз Абытовго кайрылып, өлкө башчысына жеткирип коюусун суранды.

2002-жылдын 17-мартында Нарындагы Үзөңгү-Кууштун Кытайга берилишине каршы чыккан жана Азимбек Бекназаровдун камакка алынышына нааразы болгон эл Аксыдан Бишкекке жөө жүрүш жасаган. Аларды токтотуу үчүн Боспиек айылынан күч түзүмдөрү тосуп чыгып, эки тараптын кагылышынан 6 адам каза таап, 70тен ашык адам ар кандай жаракат алган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM