Биз менен байланышыңыз

Түлөбаев: Лейлекте жерлерди басып алган Бостонов деген олигарх пайда болуптур

Кыска кабар | 17 Мар 2022 | 1740 | 0

Лейлек районунун Арка жана Достук айылдарында Бостонов деген олигарх пайда болуптур. Ал мурда айыл өкмөт башчы болгон экен. Ал аталган эки айылдагы жердин баарын өзүнө алып алыптыр. Мындай маалыматты Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутат Балбак Түлөбаев айтты.

«Ошол жерден эл кайрылып жатат: «Эй, Садыр Жапаров, Курманкул Зулушев, сенин бийлигиң бул жакка өтөбү?» — деп. Эми Баткенде президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү, прокуратуранын өкүлү барбы? Карап койбойсуңарбы? Энелер: «Бостонов деген коррупционер Арка менен Достуктагы жердин баарын алып алды», — деп ыйлап жатышат. Балдарыбыздын үй салганга, жер алганга мүмкүнчүлүгү жок, чек араны ким коргойт? Тиешелүү кызматтар иштебесе, анда айдап туруп, иштей турган кишилерди албайлыбы? Чек арадагылардын көз жашын көрө турган бирөө барбы бул өкмөттө?» , — деди Түлөбаев.

Ошондой эле ал бул маселени карап коюуну өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлүнөн суранды.

Copyright © 2017 Maral FM